Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Коалициялык көпчүлүк энергетика министрине талапкер тандай элек


Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк энергетика жана өнөр-жай министри кызматына талапкер тандай элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында каралып жаткан талапкерлер арасында Валерий Диль дагы бар. Ага чейин айрым маалымат каражаттар коалициялык көпчүлүк Энергетика министрлигине Валерий Дилдин талапкерлигин тандады деп жазып чыгышкан болчу.

Диль Орто жана чакан энергетиканы өнүктүрүү долбоорлор дирекциясынын башчысы болуп иштеп келгени белгилүү.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо Энергетика жана өнөр-жай министринин кызмат ордуна Экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын азыркы башчысы Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлигин сунуштады.

Буга чейинки министр Автандил Калмамбетов башка ишке өткөнүнө байланыштуу деген себеп менен өткөн айда кызматтан бошотулган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG