Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

"Хьюман Райтс Уотч" “Азаттыктын” түркмөн журналистинин кармалышына тынчсыздануу билдирди


6-майдан бери Түркмөнабад шаарында “Азаттыктын” кабарчысы Ровшен Язмухамедов камакта жатат. 30 жаштагы журналист “Азаттык” менен 2012-жылдан бери кызматташып, социалдык темаларды чагылдырчу. Азырынча полиция эмне үчүн кармаганы тууралуу маалымат бере элек. Адам укугун коргогон "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жооптуу өкүлү Вероника Зенте журналисттин кармалышы боюнча тынчсыздануу билдирди:

- Бул түркмөн бийликтеринин өлкөдөгү көз карандысыз журналисттер менен адам укуктарын коргоо боюнча активисттерди кармап, коркуткан учурларды улантып жатканын көргөзөт. Биз камактагы жураналисттин ал-акыбалына тынчсызданып жатабыз, биз түркмөн бийликтеринен эмне үчүн кармагандыгы тууралуу маалымат берүүнү жана адвокат алууга шарт түзүүнү талап кылабыз.

Камактагы журналисттин туугандарынын айтымында, Ровшен Язмухамедов уюшма кылмыштуулук жана терроризмге шектелгендер кармалган абакта жатат. Түркмөнстанда көз карандысыз журналисттер үчүн тобокелчилик абдан жогору. Сапардурды Хажиев, Аннакурбан Аманкылычев деген эки журналист чөлдүү жерде алты жылдан бери абакта отурушат. Огулсапар Мурадова 2006-жылы абакта каза тапкан. “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Довлетмурат Язкулиев 2011-жылы беш жылга кесилип, кайра президенттин кечирими менен бошотулду.

XS
SM
MD
LG