Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Египетте мурдагы президенттин үстүнөн кайра сот башталды


Мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, сот полиция академиясынын Каирдин четиндеги имаратында башталып, ал жакка коопсуздук күчтөрүнүн үч миңдей өкүлү жайгаштырылды.

Мурдагы президент Хосни Мубарак жана анын тушунда ички иштер министри кызматын аркалаган Хабиб ал-Адли 2011-жылдын февралындагы элдик козголоң учурунда демонстранттарды өлтүргөнү үчүн айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген. Бирок Египеттин Жогорку Соту айыпталуучулардын апелляциялык арызынан кийин ишти кайра кароону буйруган.

2011-жылдын башында 18 күнгө созулуп, Мубарак бийликтен кулатылган элдик козголоң учурунда 840тан ашуун кишинин өмүрү кыйылган эле.

85 жаштагы Мубарак учурда Каирдин түштүгүндөгү Тора деген түрмөнүн ооруканасында жатат. Азыр анын коррупция боюнча айыпталган эки улуунун да иштери кайра каралууда. (UE)

XS
SM
MD
LG