Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Жаңы коронавирус адамдан адамга жуга алат


Жаңыдан табылган коронавирустун адамдан адамга жуга турганын көргөзгөн далилдер көбөйө баштаганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баш директорунун орун басары Кейижи Фукуда билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияддан айтты. Бул жаңы вирустан соңку күндөрү Сауд Аравия менен Европада 18 кишинин өмүрү кыйылган.

Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюмунун өкүлү белгилегендей, жаңы вирус адамдан адамга жугарын анын ар башка өлкөдөн чыгып жатканы да бышыктоодо. Франциянын бийликтери бүгүн коронавирус менен экинчи адам катталганын ырасташты. Жаңы инфекция ооруканада коронавирусу бар алгачкы бейтап менен бир палатада чогуу жаткан адамдан табылган.

Франциянын 65 жаштагы тургуну Дубай шаарына саякаттап келген соң ооруканага түшкөн. Бул жаңы вирус жукканы боюнча дүйнөдөн азырынча 35 учур катталды. (UE)

XS
SM
MD
LG