Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Депутаттар өкмөт отчетун угушат


Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү өз тармагы боюнча Жогорку Кеңештин 5 комитетинде отчет беришет. Дүйшөмбү жана шейшембиде өкмөттүн отчету бардык комитеттерде каралган соң, 15-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмакчы.

Жантөрө Сатыбалдиев башындагы турган коалициялык өкмөт өткөн жылдын сентябрь айында куралган. Аны КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары түзгөн. Бул өкмөттүн курамы түзүлгөндөн бери алгач ирет парламент алдында отчет бергени жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG