Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Кыргызстанда катуу шамалдын кесепеттери такталууда


Нарын шаарындагы көп кабат үйдүн кулаган чатыры. 19-май, 2013.
Нарын шаарындагы көп кабат үйдүн кулаган чатыры. 19-май, 2013.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн эртең менен Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Нарын облустарында жана Баткендин Кадамжай районунда катуу добул сокту. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар катталган жок. Бирок Нарын шаарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жетип, Токтогул Сатылганов атындагы мектептин, бир көп кабаттуу үйдүн жана бир нече жер үйдүн чатырын алып кетти. Ал эми Бишкек шаарында дарак кулап, эки автоунааны басып калды. Учурда өлкө боюнча катуу добулдун кесепеттери такталууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG