Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Йеменде АКШнын аба соккусунан жети согушкер мерт болду


Америкалык учкучсуз башкаруудагы учак Йемендин түштүгүнө эки сокку урду. Андан “ал-Каида” согушкери деп шектелген жети киши каза тапты. Йемендик расмий өкүлдөрдүн айтымында, сокку жети адам эки унаа менен кетип бара жаткан кезде жасалган. Окуя “ал-Каиданын” Араб жарым аралындагы туруму күчтүү деп саналган “ал-Мафхад” районунда болду.

2011-жылы "Араб жазы" атыккан толкундоолордон кийин Санадагы бийлик алсызданганда, “ал-Каида” менен байланышы бар исламчылар Йемендин түштүгүндөгү бир нече шаарчаны ээлеп алышкан эле. Йемен өкмөтү аларды былтыр жыл ичинде АКШнын жардамы менен бошотту.

АКШ президенти Барак Обама тогуз күн мурда террорго каршы согуштун жаңы багытын жарыялап жатып, мындан ары учкучсуз башкаруудагы учактар Америкага “түздөн-түз жана токтоосуз” коркунуч жаралган учурда гана колдонуларын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG