Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Кыргызстан-Өзбекстан: чечилбеген чек ара


"Достук" бекетиндеги кыргыз чек арачысы бир жарандын документин кароодо. Кара-Суу району, 26-октябрь, 2011.
"Достук" бекетиндеги кыргыз чек арачысы бир жарандын документин кароодо. Кара-Суу району, 26-октябрь, 2011.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчылары Кокон шаарында жолугушуп, чек арадан өтүү эрежелерин бузган жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү, түрдүү чыр-чатактарды алдын алуу боюнча сүйлөшүштү.

Жолугушууга кыргыз тараптан Чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Усубалиев, өзбек тараптан Чек ара аскерлеринин кол башчысы Рустам Эмиржанов баштаган адистер катышты. Эки өлкөнүн чек ара кызматы жылына ушуга окшогон 80ден ашуун жолугушуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүнө карабай чектеш аймактарда дале чыр-чатактар арбын катталууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, Өзбекстандын Кокон шаарында 15-июнда өткөн жолугушууда эки өлкө ортосундагы чек аранын тактала элек жерлери боюнча маселелер талкууланып, буга чейин аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Чек арадан өтүү эрежелерин бузган жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү, чек арадагы тартипти бирге көзөмөлдөө тууралуу да сөз болду. Эки өлкөнүн күч кызматкерлери чектеш жашаган калк арасында түрдүү чыр-чатактарды алдын алуу иши өз үзүрүн берип, мындай окуялар аз каттала баштаганы айтылды.

Маалыматка ылайык, ушул жылы эле кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда ушуга окшогон 80ден ашуун жолугушуулар, атайын иш-чаралар өткөн. Жыл башынан бери алты чыр-чатак катталган. Бөрүбаеванын белгилешинче, ар кандай чыр-чатактан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп, маселе оңуна чечүүлүүдө.

Анткен менен адистер ондогон жолугушуулар болгонуна карабай, чектеш аймактарда чыр-чатак, жанжалдар дале катталып жатканын белгилешүүдө. Мисалы бир апта мурда (12-июнда) Баткенде Өзбекстандын Сох анклавынын жанындагы Таян айылынын үч-төрт тургунун өзбек чек арачылары кармап алып, өткөрбөй коюшкан. Натыйжада чек арачылар менен тургундары ортосунда чыр чыккан. Ошол эле учурда Катыке деген жерде мал жайып жүргөн кыргызстандык үч өспүрүмдү өзбек чек арачылары кармап алып, мал жайылган жер Өзбекстандыкы экенин айтып опузалаган.

Жыл башында Баткендеги Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Ушул окуядан соң өзбек тарап кечки 11ден таңкы 7ге чейин аталган жолдон өтүүгө чектөө киргизип, түнкү каттам токтотулган болчу. Эми Таян айылынын тургундары дыйканчылык маалда ушул чектөөнү алып салууну бийликтен суранып жатышат.

Бул жол аймактагы 8 айылдын тургундарын облус борбору - Баткен шаары менен байланыштырган жападан жалгыз жол. Жайдын келиши менен талаачылык иштери кызыгандан бери аталган айылдардын тургундары таң эртелеп каттай албай кыйналышууда.

Анткен менен Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаев чек ара маселесинин чечилбей, создугуп жатышын кадрлардын оголе тез алмашканы менен байланыштырууда:

- Жаңы барган киши мурдагы жолугушууда кандай сөз болгонун билбейт. Протоколдон сырткары башка өз ара сөз болот да. Чек ара өтө татаал, өтө этияттык менен көңүл бурчу маселе. Азыр бийлик буга өзгөчө көңүл буруп, ар бир процессти кызыгуу менен карап турушу керек.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы толук тактала элек. Чек ара тилкесинин такталбаганы эң оболу карапайым элди гана түйшүккө салууда.

XS
SM
MD
LG