Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Түштүк Кореяда Азия оюндары башталды


Бүгүн Түштүк Кореянын Инчон шаарында жабык имараттардагы Азия оюндары башталды. Кечинде оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи болот. Салтанатта кыргыз туусун тайбоксчу Данияр Кашкараев көтөрүп чыгат.

Инчон шаарында 29-июнда башталган жабык имараттардагы Азия оюндарында кыргызстандыктардан спорттун 5 түрү боюнча 22 спортчу мөрөй талашууда. Алар: спорттук бий, кикбоксинг, тайбокс, сууда сүзүү жана бильярддын снукер түрү.
Азия оюндарына 45 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, спорттун 12 түрүнөн күч сынашуулар башталды.

2005-жылы Тайланддын Бангкок шаарында өткөн жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарында кыргызстандык суучул Юрий Захаров коло медаль жеңип алган.
Вьетнамда өткөн жабык имараттагы үчүнчү Азия оюндарында спорттук бий боюнча кыргызстандык Алексей Кибалко жана Виктория Качалко коло байгелүү болгон. Жабык имараттардагы 4-Азия оюндары 7-июлда жыйынтыкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG