Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Атамбаев кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жардыкка кол койду


Өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган жардыкта президент мамлекеттик тил маселеси курч турганын белгилеп, аны өнүктүрүү үчүн бир катар иш-чараларды аткаруу милдетин койду.

Ага ылайык, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын жумушчу топ түзүүнү, өкмөткө кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди каржылоо көлөмүн эки эсе жогорулатууну, кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөнүн “Кыргызтест” системасын иштеп чыгууну, “Пирамида” каналынын алкагында “Маданият-Тарых-Тил" каналын түзүү сыяктуу бир нече ишти аткарууну тапшырды. Муну ишке ашыруу үчүн президенттин фондунан 10 миллион сом бөлүндү.

Жакында Алмазбек Атамбаев парламент иштеп чыккан “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу үчүн парламентке кайтарып берген. Анда - жогорку мамлекеттик кызматка келчүлөр кыргыз тилин мыкты билиши керек деген талап жазылган жана көрнөк-жарнактарда кыргыз тилин туура эмес жазгандарды айыпка жыгуу чаралары каралган.(BkA)

XS
SM
MD
LG