Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Мамлекеттик кызматкерлер сотто кепилдик бере албайт


Президент бүгүн кол койгон мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү соттук териштирүүлөрдө кепилдик берүүгө укуксуз. Ошондой эле аларга сот жоопкерчилигине тартылып жаткан жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө өтүнүч келтирүүгө да тыюу салынган.

Жардыкта айтылгандай бул мыйзам соттордун көз карандысыздыгын күчөтүүнү көздөйт. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеште үстүбүздөгү жылдын 30-майында кабыл алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG