Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Египет: армия президент Мурсинин бийлигин токтотуп, эрте шайлоо жарыялады


Египетте армия аскерлери женишин белгилеп жатат
Египетте армия аскерлери женишин белгилеп жатат
Египеттин армиясы конституциянын ыйгарым укуктарын токтотуп, чукул президенттик шайлоо уюштурууга даярдык башталаарын жарыялады.

Бул жарыя президент Мохаммад Мурсинин бийлиги аяктаганын билдирет. Убактылуу бийлик башчысы болуп Египеттин Конституциялык сот жетекчиси жарыяланды.

Армия Мурсиге оппозиция менен мунасага келүүгө берген мөөнөт Бишкек убактысы боюнча бүгүн кечки саат сегиз жарымда аяктаган.

Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камэрон Египеттеги кырдаалга тынчсыздануусун билдирди:

- Өтө тынчсыздандыруучу окуялар болуп жатат, зордукчулуктун деңгээли өтө жогору. Биз бардык тарапты тынчтанууга, зордукчулукту токтотууга, өзгөчө зордуктоолорду токтотууга чакырышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG