Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:37

Аркадагы мунай кени боюнча сүйлөшүү эмки аптада жыйынтыкталат


Лейлек районунун Арка айлында Тажикстан иштетип жаткан мунай кенине байланыштуу сүйлөшүү 8-июлда Тажикстандын Хожент шаарында болот. Ага Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов катышары күтүлүүдө.

Бул маселе боюнча 3-июлда кыргыз-тажик тарап Тажикстандын Канибадам районунда жолугушту. Ага кыргыз тараптан Баткендеги өкмөт өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев, Тажикстандан Согди облусунун төрагасынын орун басары Жумабай Сандинов жетектеген топтор катышты. Тараптар бул маселени өкмөттүк деңгээлде кароо зарылдыгын белгилеп, 8-июлда өкмөттөр аралык сүйлөшүүгө чыгарылмак болду. Бул тууралуу Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев “Азаттыкка” билдирди.

Лейлек районунун Жаӊы-Жер айыл округунун Арка айылына жакын жерден Тажикстан 1980-жылдардан бери нефти өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан өткөн жумада кыргыз чек арачылары кошуналарды чыгарган. Тажикстан тарап 80-жылдары түзүлгөн макулдашуунун негизинде иштеп жатканын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG