Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Жогорку Сот: “Ата-Журттун” депутаттарынын иши 16-июлда каралат


Жогорку Сот «Ата-Журт” фракциясынан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин кийинки аптадан тарта карай баштайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев кабарлады.

Журабаевдин айтымында, шаршембиде Жогорку Соттон депутаттар боюнча жараян 16-июлда башталары тууралуу чакыруу тапшырылды. Мындай маалыматты Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева да тастыктады. Буга чейин Башкы прокуратура “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарына карата Бишкек шаардык сотунун актоо чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, арыз менен кайрылган.

Былтыр октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган "атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровду Биринчи май райондук соту 1,5 жылга ал эми Талант Мамытовду 1 жылга кескен. Бирок 17-июнда шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG