Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Египеттин чоң шаарлары демонстрацияга камданууда


Өлкөнүн армия бийликтен кулаткан президенти Мухаммед Мурсинин колдоочулары жана каршылаштары Каирде жана башка шаарларда жума намаздан кийин демонстрацияга чыгашат.

“Мусулман агайындар” кыймылы Мурси президенттик ордуна кайра отургузулмайын, митингдерди токтотпоого үндөөдө.

Расмий маалыматка караганда, Мурси Республикачыл гвардиянын Каирдеги казармасында кармалууда. Бул казарманын сыртында дүйшөмбү күнү болгон кагылышта аскерлердин 50дөн ашык исламчыны атып салганы нааразылыкты курчутту. Армиянын айтышынча, террорчулар баштаган тирешүүдө төрт жоокер набыт болгон. АКШ азырынча Мурсини кулатууну аскерий төңкөрүш же мыйзамый бийлик алмашуу деп аныктай элек. Эгер аскерий төңкөрүш деп тапса, Египетке берилчү жардамын токтотушу мүмкүн. Бирок төрт “F-16” истребители Египетке мурдагы келишимге жараша жөнөтүлөрүн кечээ Вашингтон билдирди.

XS
SM
MD
LG