"Ата-Журт" партиясынын үч депутатынын ишин Жогорку Сот бир жумадан кийин, 23-июлда карайт. Мындай чечим соттук коллегияда азыр кабыл алынганын кабарчыбыз билдирди. Жактоочу тарап ишке жаңы адвокаттар кошулгандыктан аларга иш менен таанышууга убакыт сурап сотко өтүнүч келтирген.
2012-жылдын күзүндө мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду Биринчи Май райондук соту 1-1,5 жылга кескен. Шаардык сот аларды актап чыгарган. Мындай өкүмгө макул болбогон прокурорлор көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.
Бүгүнкү соттук отурумга депутаттар өзүлөрү катышкан жок. (EBM/RK)