Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Ливанда Сириялык журналист өлтүрүлдү


Сирия президенти Башар Асаддын тарапкери деп айтылып жүргөн журналист Ливандын түштүгүндө өлтүрүлдү. Мухаммед Жеммо Сарафанд шаарындагы өз үйүндө өлтүрүлгөнүн Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиришти. Ливан бийликтери журналисттин өлүмүнө байланыштуу үч киши камакка алынганын кабарлоодо. Бул Асадга каршы козголоң башталгандан берки Ливанда өлтүрүлгөн алгачкы сириялык журналист.

Сириядагы согуштун капшабы Ливанга да тийүүдө, андагы сунниттер козголоңчуларды колдосо, "Хезболланын" шииттер тобу Асадды колдоп кан күйгөн жерге согушкерлерин жиберген.

XS
SM
MD
LG