Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Испания: поезд катуу ылдамдыктан кырсыкка учураганы аныкталды


Испаниянын Галисия аймагында кырсыкка учураган поезд чектен ашык ылдамдыкта келаткан. Мындай тыянакка кырсык болгон жерде иштеген эксперттер келишти.

Кырсык өлкөнүн түндүк-батышындагы Сантьяго-де-Компостела шаарына жакын жерде шаршембинин кечинде болгон. Анда тез жүрүүчү поезд темир жолдон чыгып кеткен. Испаниянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн кадрларда төрт вагондун жолдон чыгып кулап жатканын, дагы бир вагон түтөп жатканын көрүүгө болот.

Кырсыктан 78 адам каза болуп, 130 адам ар кандай оордукта жаракат алышты. Сегиз вагондо 247 жүргүнчү болуп, арасында балдар да көп эле. Жабыркагандар Галисиядагы бир нече шаарда ооруканага жайгаштырылды. Жергиликтүү калк алар үчүн кан тапшырууда.

Поезддин эки машинисти тең тирүү калышкан. Алардын айтмында, коркунучтуу делген жолдун бөлүгүндө алар 80 км/саат эмес, 180 менен келишкен. Анткени алар беш мүнөткө кечигип, станцияга убактысында жеткилери келишкен. (AiK)

XS
SM
MD
LG