Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Италияда автобус жардан кулап, 36 киши набыт болду


Куткаруучулардын айтуусунда, кеминде 36 кишинин сөөгү табылды. Бийликтин маалыматы боюнча, автобус жардан кулап баратып, бир нече автомобиль менен кагышкан. Андан кийин жол жээгиндеги тосмону бузуп, ондогон метр бийиктиктен Римден 160 чакырым алыстыктагы Авеллин кыштагынын жанындагы капчыгайга кулап түшкөн. Полиция айдоочу автоунааны башкара албай калганын айтууда, каза тапкандардын арасында айдоочу да бар. Автобустун калдыктарынан 11 кишини тирүү алып чыгышканы кабарланды. Маалыматтарга ылайык, автобуста 50 чакты жүргүнчү болгон, арасында жаш балдар болгону айтылууда. Жүргүнчүлөр өлкөнүн Кампанья аймагындагы Неаполдон зыяраттан кайтып келатышкан.

XS
SM
MD
LG