Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Вашингтондо Балтика өлкөлөрүнүн саммити өтөт


Бүгүн Вашингтондо АКШнын президенти Барак Обама балтикалык үч өлкөнүн башчылары - Литванын президенти Даля Грибаускайте, Эстониянын лидери Тоомас Хендрик жана Латвиянын президенти Андрис Берзиньш менен жолугат. Ак үйдүн маалыматына караганда, бул жолугушуу аталган өлкөлөрдүн "жыйырмадан ашуун жыл мурда эгемендик алгандан берки чоң өзгөрүүлөрүн аныкташы керек".

"Эстония, Латвия жана Литва НАТО боюнча баалуу шерик болуп эсептелет. Төрт өлкөнүн лидерлери кызматташтык маселелерин талкуулайт. Аймактык кызматташтык, коргонуу, энергетикалык коопсуздук жана трансатлантикалык соода-сатык маселелери талкууланат", - деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Балтика өлкөлөрү мурда Советтер Союзунун курамындагы 15 республиканын катарына кирчү. (RK)

XS
SM
MD
LG