Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод күзүндө ишке кирет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Медетбек Керимкулов кабарлады. Анын айтымында, заводдун курулушу аяктап калды. Күздүн орто ченинен тарта пайдаланууга берүү пландалып жатат. Заводдун кубаттуулугу жылына 600 миң тонна ар кыл маркадагы бензин жана дизелдик отун чыгарууга эсептелген. Ошондой эле учурда Токмокто да мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу жүрүп жатат. Кубаттуулугу жылына 450 миң тонна бензин чыгарууга ылайыкташкан заводдун курулушу быйыл аяктап, кийинки жылдын башында ишке киргизүү мерчемделип жатат.(KE\BkA)

XS
SM
MD
LG