Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Ошто майып балдарга грант берилет


Бүгүн Ошто «Улыбка» коомдук фонду шаардагы 5 майып балага ишкерлик баштоо үчүн 200 доллардан грант берет. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фонддун жетекчиси Элмира Умарова билдирди. Анын айтымында, грант алчу балдар ишкерлик планын жазып, фонддун кызматкерлери тарабынан тандалган. Балдарга грант бүгүн берилет. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк Балдардын глобалдык фондунун каржылоосу менен болууда.

«Улыбка» коомдук фонду мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган долбоорлорду ишке ашырып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG