Бул тууралуу Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча агенттиги билдирүүдө. Агенттиктин Ирактагы бөлүмүнүн маалыматына караганда, дүйшөмбүдө эле Сириядан Ирактын түндүгүндөгү Күрд аймагына 3000дей киши келген. Муну менен өткөн бейшембиден бери эле ооп келгендер саны 30 миңге жетти.
Акыркы беш күндө Сириядан Иракка агылган качкындардын басымдуу бөлүгү күрддөр. Алар өлкөнүн түндүк чыгышында күрд согушкерлери менен исламчыл топтор ортосунда уруш күчөгөнүнөн улам качышууда.
Улуттар уюмунун эсебинде азыркыга дейре Иракта 154 миң сириялык качкын катталган болчу.
Сирияда 29 айдан бери уланып жаткан куралдуу кагылыштардан улам коңшу Иордания, Түркия, Ливанга эки миллиондой сириялык башпаанек издеп кетти. (UE)