Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Гайнудин: исламдан оолак экстремисттер динди бурмалагысы келет


Орусиядагы муфтийлер кеңешинин башчысы Равил Гайнудин ар кандай агымдагы пропагандисттер диний көз караштагы адамды – ойлонбой иш жасаган, оомо адам катары көрсөтүүгө далалат жасап жатканын билдирди.

“Кудайга ишенген адам бардык мыйзамды сактайт жана мыйзамдуу түрдө тандалган саясий лидерлер, жетекчилерди сыйлайт. Диний таалим адамды жаман сапаттардан арылтып, өзүнүн ар бир кадамына моралдык баа берүүгө үйрөтөт. Бизге мыйзамсыздыкты, адамкерчиликсиздикти байлагысы келген экстремисттердин ислам дини менен эч кандай жакындыгы жок”-, деди Гайнудин.

Бүгүн Бишкекте “Дин жана коопсуздук ” эл аралык конференциясы өтүп жатат. Ага Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн диний лидерлери, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG