Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Аба ырайы


Кыргызстанда 24-августта түнкүсүн айрым жерлерде, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн15…20, күндүз 25…30градус ысыйт.
Таласта түнкүсүн, 13…18, күндүз 24…29 градус ысык болот.
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30 градуска чейин көтөрүлөт.
Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29 градус ысыйт.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26 градуска жетет.
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20 градус, күндүзгү жогорку температурасы 28...30 градус жылуу болот.
(AzK)

XS
SM
MD
LG