Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Израил Жер ортолук деңизде бүгүн эртең менен ракета сынаганын билдирди


Бир аз мурдараак эле Израил бүгүн бул аймакта кандай ракета учурулганы тууралуу кабары жок экенин айткан болчу. Орусиянын Коргоо министрлиги өзүнүн радар системасы Жер ортолук деңиздин борбордук бөлүгү тарабынан чыгыш жагына карай эки баллистикалык ракета атылганын аныктаганын билдирген эле.

АКШ "Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршы чабуул жасалышы мүмкүн" деген таризде Жер ортолук деңизге аскерий кемелерин жайгаштырган. Бүгүн Сириянын бийликтери алардын аймагына эч кандай ракета түшпөгөнүн кабарлашты.

Орусия Сирияга каршы аскерий чабуул жасоого дале каршылыгын билдирүүдө. АКШ менен Франция болсо 1400дөн ашуун адамдын өлүмүнө алып келген химиялык чабуулга президент Асаддын күчтөрү жооптуу деп, Сирияга аскерий чабуул коюш керек деп жатышат.

XS
SM
MD
LG