Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Бүгүн журналист Алишер Саипов 32ге чыкмак


Бүгүн маркум журналист Алишер Саиповдун туулган күнү. Тирүү болгондо 32 жашка чыкмак.

Ош шаарында өзбек тилинде чыгып турган “Сиёсат” (Саясат) гезитинин редактору Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер атып кетишкен. Анын өлүмү кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып келет. Азыркыга чейин анын өлүмүнүн бети ачыла элек.

Журналисттин өмүрү 26 жашында кыйылып, артында наристе кызы менен жубайы калган. Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактысына жазылган. (SE)

XS
SM
MD
LG