Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Навальный шайлоо алдынан бүгүн акыркы жүрүшүн уюштурат


Мэрликке талапкер А.Навальный, 4-сентябрь, 2013
Мэрликке талапкер А.Навальный, 4-сентябрь, 2013
Москванын мэрлигине ат салышып жаткан оппозиционер Алексей Навальный бүгүн өзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн алкагында акыркы жөө жүрүштү уюштурганы жатат. Москвалыктар ушул жекшембиде өздөрүнүн мэрин шайлашат. Президент Владимир Путиндин негизги сынчыларынын бири Навальный азыр бул шайлоодо Кремлдин адамы Сергей Собянинге башкы атаандаш болот деп күтүлүүдө.

Навальныйдын бүгүнкү жөө жүрүшүнө байкоочулар 25 миңден кем эмес адам чогулат го дешет. Ошол эле кезде Собянин да өзүнүн маршын өткөрүүнү пландаган. Собянин шайлоонун биринчи айлампасында эле утат го деген божомолдор айтылууда. Навальный болсо 18%дай добуш топтоп, экинчи орунду ээлеши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG