Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Собянин Москвадагы шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды


Москванын шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жарыясына караганда, шаар башчысы үчүн шайлоодо учурдагы мэр, бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлү Сергей Собянин добуштардын 51,37% алуу менен биринчи айлампада эле жеңишке жетишти.

Оппозиция лидери Алексей Навальный 27,24% добуш менен экинчи орунду ээледи.

Навальный өзү бийликтерди добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалаганы үчүн айыптап, экинчи айлампасыз шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын ишара кылды:

-Мен Кремлди жана Москванын мэриясын фальсификациядан баш тартып, экинчи айлампага өтүүгө дагы бир жолу чакырам. Бул эң жакшы, биринчи айлампадан кийин биз экинчисине барышыбыз керек.

Навальныйдын жактоочулары бүгүн кечинде Москвада нааразылык акциясына жыйналганы жатышат.

Бирок Москва шайлоо комиссиясынын башчысы Валентин Горнуновдун айтымында, азырынча расмий арыз-даттануу түшө элек жана шайлоонун экинчи айлампасы болбойт.

Шайлоо комиссиянын эсебинде, Москвадагы добуш берүүгө шайлоого укуктуулардын 32% катышкан.

Жалпысынан жекшембиде Орусияда сегиз губернаторду, сегиз мэрди, он алты аймакта парламентти, беш шаарда жергиликтүү кеңешти шайлоо өттү. Алардын көбүндө бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлдөрү жеңишке жетери күтүлүүдө.

Бирок өлкөнүн төртүнчү ири шаары - Екатеринбургда оппозиция талапкери Евгений Ройзман Кремль колдогон талапкерди бир аз артыкчылык менен утуп алды. (UE)

XS
SM
MD
LG