1-октябр - Улгайгандар күнүнө карата Бишкекте социалдык жарманке өтөт. Бул иш-чара салтка айланууда. Эркиндик бульварында улгайгандар өзүлөрү колго жасаган буюмдарды, кыям, туздалган жашылча сатат. Лотерея орнотулуп, концерттик программа уюштурулат. Шахмат боюнча мелдеш өтөт. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. (RK)