Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Класстык чинди жоюу демилгеси көтөрүлүүдө


Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерге берилчү класстык чиндерди жоюуну караган мыйзам долбоор бүгүн Жогорку Кеңештин регламент жана этика комитетинде талкууланат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешовдун “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекеттик кызматкерлерге чин берүү учурда өзүн актабай, коррупциялашып кеткен. Мындан улам кызматкерлерди сыйлоонун бул ыкмасын жокко чыгарып, анын ордуна мыкты кызматкерлердин айлык-акысын көтөрүүнү сунуштоодо.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерге ар кыл даражадагы класстык чиндер ыйгарылат. Класстык чиндери бар кызматкерлерге жеңилдиктер каралып, айлык-акы жана пенсияларына кошумча каражат кошулат.(BkA)

XS
SM
MD
LG