Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүнкү отурумунда Кыргызстандын акыйкатчысын шайлайт. Буга чейин акыйкатчылыкка талапкер катары 49 киши арыз берип, парламент алардын программасы менен таанышкан. Талапкерлер арасында Жогорку Кеңеш депутаттары, укук коргоочулар, жарандык коом өкүлдөрү, милиция жана прокуратура кызматкерлери бар.
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду парламент июнь айында кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна тиешеси бар деп кызматтан бошоткон. Бул чечимге макул болбогон Акун Жогорку Кеңештин бул токтомун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган. Бирок Бишкек шаар соту Акундун арызын канааттандырган жок. Буга нааразы болгон Турсунбек Акун 16 күндөн бери ачкачылык кармап жатат.(BkA)