Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын мурдагы директору Замирбек Үсөнбаев кызматтан алынганы тууралуу мурда маалыматы болбогонун, эмне себептен бошотулганынан кабары жоктугун айтууда. Ал өкмөт сунуштаган кызматтан баш тартканын “Азаттыкка” билдирди. Белгилүү болгондой Үсөнбаевге Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна ректорлук кызмат сунушталган.
Кечээ 2-октябрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругуна ылайык, Кыргызбай Осмонов Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору болуп дайындалган. (КЕ)
Кечээ 2-октябрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругуна ылайык, Кыргызбай Осмонов Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору болуп дайындалган. (КЕ)