Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Орусия: “Гринпистин” активисттерине айып тагылды


Орусиянын Мурманск шаарынын тергөөчүлөрү деңизде мунай өндүрүүгө каршы чыккан “Гринпис” уюмунун активисттеринин баарына "деңиздеги каракчылык" деген берене боюнча айып такты. Аларды 19-сентябрда Арктикада мунай өндүрүүгө каршы акция өткөрүп жаткан кезде орус чек арачылары Печорск деңизинде кармап кетишкен. Бардыгы болуп анда 30 адам бар болчу. Алардын төртөө орусиялык, калгандары болсо Бразилия, Британия, Финляндия жана Швециянын жарандары.

Орус бийликтеринин бул аракетин бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар сындап чыкты. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык уюм айыптарды “ашыкча оор” деп сыпаттады. Эгер күнөөлөрү далилденсе, активисттер 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG