"Гринпис" эл аралык уюмунун жетекчиси Куми Найду президент Владимир Путин менен жолугушууну кааларын билдирди.
Бир нече апта мурун айлана-чөйрөнү коргоо уюмунун 30 чакты активисти “Газпромдун” Арктикада мунай өндүрүшүнө каршы акция өткөрүп жаткан кезинде орус күч структуралары тарабынан камакка алынган.
Куми Найду Москвага барып, Мурманск портунда кармалып жаткан активисттерди бошоттуруу аракетин көрүүгө даярдыгын айтты.
Өткөн жумада кармалгандарга деңиздеги каракчылык беренеси боюнча айып тагылган. Алар 15 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Укук коргоо уюмдары активисттерди бошотууга үндөп келатышат. Камалгандардын арасында 18 өлкөнүн жарандары бар.