Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Сатыбалдиев: Кумтөр боюнча сүйлөшүүдөн башка жол жок


Кумтөр маселесин чечүүдө сүйлөшүүдөн башка жол жок. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында билдирди. Анын айтымында, Кумтөр кени боюнча эл аралык сотко берүү абдан кыйын жараян. Ал бир канча жылга созулушу мүмкүн. Экономикалык кесепети да Кыргызстан үчүн оор болот. Ошондуктан Кумтөр маселесин чечүүдө сүйлөшүүдөн башка жол жок экенин Сатыбалдиев эскертти. Ошол эле учурда жыйын жүрүшүндө премьер-министр эсептөөлөргө таянып Кумтөр кенин 2060-жылга чейин иштетүүгө болоорун кошумчалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG