Бүгүн түрмөдөгү жашоо тууралуу фотокөргөзмө ачылат. Франциялык фотограф Эрик Гурлан Кыргызстандын эркектер отурган эки абагында, аялдардын түрмөсүндө жана өспүрүмдөрдү тарбиялоочу жабык жайда болгон. Анын 40 фотосүрөттөн турган көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде өтөт.
Көргөзмөнүн ачылышына Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев, ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос катышат.
Долбоор ЕККУ, Жаза аткаруу кызматы, “Фридом Хаус” жана башка бейөкмөт уюмдарынын колдоосу менен ишке ашкан. (AKu)