Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Сирия химиялык курал өндүрчү жайларынын баарын буздурду


Бул тууралуу Химиялык куралдардарга каршы эл аралык уюмдун документине шилтеме менен “Рейтер” агенттиги кабарлады. Алдын ала шарт боюнча, Дамаск 1-ноябрга чейин өзүндөгү андай курал чыгарчу объекттерин буздурушу керек.

Уюмдун документинде өлкөнүн 23 химиялык курал жайынын 21и текшерилип, чындап эле алар буздурулганы аныкталганы айтылат. Калган эки жайды текшерүү уюмдун инспекторлору үчүн өтө опурталдуу болгон, бирок алардагы курал жасай турган аппараттардын баары башка жакка көчүрүлгөнү белгиленди.

Быйыл августта газ чабуулунан өлкөдө 1400дөн ашуун адам өлгөндөн кийин АКШ Сирияга чабуул коёт деген коркунучтан улам Дамаск өзүндөгү химиялык куралдын баарын бир жыл ичинде жок кылууга макул болгон.

XS
SM
MD
LG