Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Малдивде бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болбоду


Мындай чечимди Малдивдин Жогорку соту чыгарды. 9-ноябрдагы шайлоодо экс-президент Мухаммед Нашид 47 процентке жакын добуш алган. Бул жеңиш үчүн зарыл 50 проценттен аз. Экинчи талапкерди шайлоочулардын 30 проценти колдоду. Үчүнчү талапкер Жогорку Сотко кайрылып, өз тарапкерлери кимге добуш бергенди чечүүсү үчүн убакыт аз деп, кайра шайлоону саалгыта турууну өтүнгөн. Эми кайра шайлоо 16-ноябрга калды. Жаңы президент шайланганча, өлкөнү мөөнөтү бүткөн президент Мухамед Вахид Хасан башындагы өкмөт бийлеп турат. Малдив Тынч океандагы аралдардан куралган 340 миң калктуу мамлекет.

XS
SM
MD
LG