Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Зордуктоо жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук көбөйдү


Кыргызстанда катталган кылмыштуулуктун саны жалпысынан азайып жаткан менен зордуктоолордун саны өстү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Башкы көзөмөл органынан эсебинде, тогуз айда 266 зордуктоо фактысы катталган. Ал өткөн жылдын тогуз айында 245ти түзгөн. Ошондой эле тогуз ай ичинде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук 2012-жылы 282 болсо, быйыл 327ге жетти.

Ал эми өлкөдө жалпысынан 20 миңден ашык кылмыш катталды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,9 пайызга аз. (AKu)

XS
SM
MD
LG