Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Екатеринбургда бир кыргыз жараны өзүнө өрт койду


“Эркин Европа\Азаттык” радиосунун орус кызматынын жазышынча, окуя ишемби күнү кечинде Екатеринбургдагы парктардын биринде болгон. Парктын кароочулары өрттөнүп жаткан адамды көрүп, аны өчүрүүгө аракет кылган. Бирок ал күйүктөн каза болгон. Орусиянын Тергөө комитетинин билдиришинче, каза болгон жаран 25 жаштагы Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Ал Екатеринбургда убактылуу жашап жүргөн. Анын эмне себептен өзүнө өрт койгонго чейин барганы азырынча белгисиз. Бул окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.(BkA)

XS
SM
MD
LG