Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Бишкекте тергөө абагындагылар ачкачылык жарыялашты


Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган 1400 адамдын 700ү ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин жетекчиси Марс Жусупбеков билдирди. Анын айтымында, абактагылар Ысык-Ата районундагы №50 тергөө абагында камакта отурган Алмаз Сулаймановду бул жака которуу талабын коюп жатышат:

- Лимонти деген каймана ат менен белгилүү Алмаз Сулайманов кылмыштуу топтун мүчөсү. Ал абактагы айрым камераларды ачык коюуга уруксат алып берүүгө убада кылган экен. Бул талап мыйзамсыз, ал аткарылбайт, - деди түрмө башчысы.

Жусупбековдун айтымында, акция тууралуу абактын жетекчилигине алдына ала маалымдалган эмес. Ачкачылык бүгүн - 26-ноябрда башталды

Кыргызстандагы абактарда отургандар 2012-жылдын январь айында да ачкачылык жарыялап, ооздорун төөнөп алганга чейин барган. (SE)

XS
SM
MD
LG