Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:56

Украин парламенти оппозициянын талабын карайт


Шейшембидеги отурумунда Жогорку Рада өкмөткө ишеним келтирбөө маселесин талкуулары күтүлүүдө. Бир нече күндөн бери Киевдин башкы аянты –Майданда жана башка аймактарда митингге чыгып жаткандар президент Янукович Евробиримдик менен келишимге баруудан баш тарткан соң, өкмөттүн отставкасын талап кылышууда. Өкмөт башчы Микола Азаров Киевде жана башка аймактарда өтүп жаткан митингдерди мамлекеттик төңкөрүштүн белгиси деп айткан эле.

Өлкөсүндөгү кырдаалга карабай шейшембиде Янукович Кытайга иш сапары менен бараары айтылууда. Дүйшөмбүдө болсо украин президенти Евробиримдик менен сүйлөшүүнү жандантуу ниетин билдирип, Еврокомиссиянын башчысы Хосе Мануелге кайрылганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG