Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Тажикстан: прокурор оппозиция өкүлүн узакка кесүүнү сурады


Дүйшөмбү калаасындагы сотто прокурор оппозиция өкүлү, ишкер Заид Саидовду 28 жылга эркинен ажыратууну сурады. Саидов мурда парламентке мүчө болгон, каттоодон өтпөгөн "Жаңы Тажикстан" партиясынын жетекчиси. Ал май айында пара алуу, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу, финансылык көз боёмочулук, көп аял алуу, жашы жете элек жаран менен сексуалдык катнашта болуу өңдөнгөн көптөгөн кинелер менен камакка алынган эле. Соту сентябрда башталган Саидов саясий куугунтук деп өзүнө коюлган кинелерди четке каккан. Саидов бир кезде президент Рахмондун үй-бүлөсүнө жакын кишилерден болгон.

XS
SM
MD
LG