Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:00

Сатыбалдиев:Мырзакматов мамкызматкердин этикасын бузганы үчүн бошотулду


Өкмөт башчы Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовду шаар мэринин милдетин аткаруучу кызматынан алынуусуна 2-декабрда митингчилердин алдына чыгып сүйлөгөн сөзү себеп болгонун “Азаттыкка” курган маегинде айтты. Анын айтуусунда, Мырзакматов өкмөттүн өкүлү болуп туруп өкмөткө каршы сөз айтып, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганы үчүн кызматтан алынды.

Өкмөт башчы Ош шаарынын гүлдөп өнүгүүсүнө жалгыз Мырзакматовдун эле эмес, борбордук бийликтин да салымы чоң экенин белгиледи. Жантөрө Сатыбалдиев Ошто, Алайда, Сарууда болуп жаткан нааразылык митингдери коомдук-саясий кырдаалды өзгөртө албайт, бардыгы бийликтин көзөмөлүндө деген ишеничте. Анын ою боюнча Кумтөрдү саясатчылар саясий упай алуу максатында гана козгоп жатышат.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 10-декабрда “Азаттыктын” кабарчыларына маек куруп, Кумтөр маселеси, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал,коррупцияга каршы күрөш жана башка талылуу маселелер боюнча маалыматтарды берди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG