Премьер-министр Николай Азаров Орусия Украинага убада кылган 15 миллиард доллар боюнча чечимди “тарыхый” деп баалап, бул насыя Украинага каржылык туруктуулук алып келет деген оюн айтты.
Азаровдун пикиринде, Янукович бул убадага жетишпегенде, "Украина социалдык кыйроого кептелмек".
Кечээ эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Виктор Янукович Москвада жолугушкандан кийин газдын баасы Украина үчүн үч эсе арзандатылып, Орусиянын чукул фондунан 15 миллиард доллар Украинанын баалуу кагаздарына конвертацияланары жарыяланган.
Януковичтин Москвага сапары жана акыркы чечимдер өлкөдө кайрадан нааразылыкты күчөттү. Ноябрдын этегинен бери евроинтеграциянын жактоочулары Киевде нааразылык акцияларын өткөрүп келатат. Оппозиция лидерлери эми кышкы майрамдар учурунда ири митингдерди өткөрүүгө үндөшүүдө. (AiK)