Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү башталды


Женевада бүгүн алты өлкөнүн жана Ирандын адистери ядролук сүйлөшүүнүн үчүнчү айлампасына киришти. Жыйын өткөн айда жетишилген келишимди ишке ашыруунун жолдорун аныктоо максатын көздөйт.

24-ноябрда санкциялар азайтылган шартта Тегеран талаштуу ядролук программасын жарым жылга токтото турууга макул болгон эле. Бирок Вашингтон Тегеранга каршы санкцияларын кеңейткенден кийин сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы үзгүлтүккө учураган.

Ирандын сүйлөшүүдөгү баш өкүлү Аббас Аракчи бир ай ичинде мунаса болот деген үмүтүн билдирди, ошол эле убакта айрым түшүнбөстүктөр болуп жаткандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG