Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Орусияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Орусия президенти Владимир Путин Волгограддагы 30 чакты кишинин өмүрүн алган жардыруулардан кийин коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйруду. ИИМ транспорттук унааларды текшерүү күчөтүлүп, эл көп чогулуучу жерлерге, бекеттерге жана жол түйүндөрүнө өзгөчө көңүл буруларын билдирди. 30-декабрда шаарда троллбейбус жарылып, кеминде 14 киши набыт кеткен. Андан бир күн мурун ошол эле Волгоград шаарында темир жол бекетиндеги жардыруудан 17 киши өлгөн. Эки күн ичиндеги эки жардырууда 60 чакты киши жараат алды.

Тергөө комитети жардыргыч заттардан улам эки жардыруу тең алдын ала мерчемделгенин маалымдады. Комитет башчысы Владимир Маркин буларды айтат:

- Алдын ала маалыматтар боюнча, троллейбуста жарылган затта төрт килограммга жакын тротила болгон. Ушуга окшош эле жардыргыч зат жекшембиде темир жол бекетинде жардырылган. Ушундан улам чабуулдар бири-бири менен байланышы бар, бир эле адамдар тарабынан атайылап жасалган деген тергөөчүлөрдүн теориясы бекемделүүдө.

Маркиндин сөзү боюнча, дүйшөмбүдөгү жардырууну эркек жанкечти жасаган, азыр анын аты-жөнүн тактоо аракеттери жүрүп жатат. Азырынча жардырууну эч ким мойнуна ала элек, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы муну террордук чабуул деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG