Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Бишкектин "Тез жардамына" бир суткада 600 киши кайрылды


Бишкек шаарынын "Тез жардам" кызматына кечээтен бери жардам сурап 597 киши кайрылды. Станциянын дарыгери Айнагүл Шамбетованын "Азаттыкка" айтымында, кайрылгандардын 418ине доктурлар барып жардам берди, ал эми 179у бейтапканага бармай болду. 5 жол кырсыгы катталды, аларда жабыркагандардын саны 7 киши. Баары ооруканага жеткирилди. 6 өлүм катталды. Алардын үчөө - 28, 40 жана 45 жаштагы жарандар жүрөгү кармап, доктурлар келгенче көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG