Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

ТИМ Тажикстанга нота жиберет


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Чек арадагы окуя боюнча премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн күч органдарынын жетекчилери менен жолуккан учурда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөмбиев ок атууну тажик тарап баштаганын маалым кылган. Натыйжада өкмөт башчы Тышкы иштер министрлигине окуя боюнча тиешелүү нотаны Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине жолдоону буюрду.

Учурда Кыргызстан коңшу өлкө менен чектешкен аймактарын күчөтүлгөн кайтарууга алды. Баткен облусунун жетекчилери, Ички иштер башкармалыгы азыр Баткен районундагы чек арада жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүн түш ченде Баткен районунун Ак-Сай айылына жакын жерде суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз чек арачылары күзөт учурда тажик чек арачылары менен жаңжалдашып, натыйжада ок атышуу болгон. Чек ара кызматынын "Азаттыкка" билдиришинче, окту биринчи болуп тажик чек арачылары чыгарган. Ал эми тажик бийликтери чек арадагы тополоңдо кыргыз чек арачылары биринчи болуп ок чыгарганын айтууда. (SA)


XS
SM
MD
LG